Ошто башкы балатынын оту жанды

Окуялар тизмеги, Өлкө 25 Дек 2019 10:17
0 ой-пикир

Кечээ, 24-декабрь күнү Ош шаарында башкы балатынын оту жанды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ош шаарындагы борбордук аянтта атайын концерттик программа уюштурулган. Балатыны жандыруу аземине Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, мекеме-ишканалардын жетекчилери, шаар тургундары жана жаштар катышты.

Шаар башчысы Таалайбек Сарыбашов шаар тургундарын келе жаткан 2020-жаңы жыл менен куттуктап, борбордук аянтта 31-декабрга чейин майрамдык кече улана тургандыгын кошумчалады.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.