УКМК: Кенжебаевге карата козголгон кылмыш иши ИИМге өткөрүлөт

Окуялар тизмеги 24 Дек 2019 13:31
0 ой-пикир

23-декабрда Сыргак Кенжебаевге карата алдамчылык фактысы боюнча козголгон кылмыш иши Ички иштер министрлигине (ИИМ) жиберүү маселесин кароо максатында КР Башкы прокуратурасына өткөрүлдү. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирет.

Эскерте кетсек, М.М., аттуу кытай жараны Сыргак Кенжебаев алдамчылык жолу менен андан 350 миң АКШ долларын алгандыгын айтып УКМКга кайрылган.

УКМКдан билдиришкендей, сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө ал кытай инвесторунан кошумча 250 000 АКШ долларын талап кылгандыгы тууралуу талашсыз далилдер көрсөтүлгөн.

2019-жылдын 20-декабрында С.К. УКМК Тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына кармалды.

«2019-жылдын 21-декабрында С.Кенжебаевге аталган кылмыш жасагандыгы тууралуу билдирме берилип, ошол күнү Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан ага карата Бишкек шаарынын 1-Тергөө камак жайына кармоо бөгөт коюу чарасы каралды», — деп кошумчалашты ведомстводон.

Сыргак Кенжебаев Жогорку Кеңештин экс-депутаты, «Үмүт 2020” кыймылынын жетекчиси Ширин Айтматованын күйөөсү. Жолдошунун камакка алынышын ал өзүнүн саясий ишмердиги менен байланыштырууда.

Айтматова билдирүү таратып, басымга карабай бийликтин терс иштерин сынга ала берерин билдирген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.