«Үмүт 2020» кыймылынын жетекчиси Ширин Айтматова жолдошу Сыргак Кенжебаевди СИЗО-1 убактылуу камак жайында «каралар сындыра турганын» Твиттер баракчасына жазып чыкты.
«Элди карактап жаткандарга каршы чыкпашым үчүн бийлик «каралар» аркылуу СИЗО-1де Сыргакты «сындыра» турганын мага айтып келишти» — деп жазган Ширин Айтматова.
Ошол эле учурда, Жаза аткаруу кызматынын басма сөз кызматы Айтматованын сөздөрүн четке какты. Убактылуу кармоочу жайдын аймагында байкоо камералары орнотулганын, алар борбордук аппараттан көзөмөлдөнүп турарын билдиришти.
Мындан сырткары, кармалгандар кылмыштын оордугуна жана беренелерге карата секторлор боюнча бөлүнгөнүн кошумчалашты.
Эске сала кетсек, Сыргак Кенжебаев алдамчылыкка шек саналып кармалганын УКМК билдирген. Ширин Айтматова жолдошунун кармалышын өзүнүн саясий ишмердиги менен байланыштырып, ага болгон саясий басым деп айтып келет.