Чулгандуу «күлгүн» пакет боюнча Башкы прокуратуранын билдирүүсү

Окуялар тизмеги, Өлкө 21 Дек 2019 14:12
0 ой-пикир

Башкы прокуратура бүгүн,  21-декабрда мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочулары Сергей Слесарев менен Замир Жоошев суракка чакырылышы боюнча расмий билдирүү таркатты.

Маалыматка ылайык, Аскер прокуратурасы 7-8-августтагы Кой-Таш окуясы боюнча ИИМдин мурдагы орун басары Курсан Асановдун кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу кылмыш иши боюнча тергөө амалдарын жүргүзүп келет.

Тергөө учурунда, 8-августта Курсан Асанов Алмазбек Атамбаев менен жең ичинен сүйлөшүп алып, тергөө органдарынын маанилүү документтерди таап алышына жол бербөө максатында Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагынбаевден пакет алган. Анын ичинде Атамбаевдин коррупциялык иштерин ачыкка чыгара турчу маанилүү документтерди өзүнүн жан сакчысы Дамирбек Пайзилда уулуна берип, ал Раиса Атамбаевага бергендиги аныкталган.

Андан соң эч кандай мааниси жок болгон документтер салынган пакет адвокаттар Сергей Слесарев менен Замир Жоошевге берилген.

«Өз кезегинде Жоошев коомду жана тергөөнү чаташтыруу максатында өзүнүн социалдык баракчасына пакеттин сүрөтү менен билдирүү таратып, ичинде эч кандай маанилүү документтер болбогонун жазган», — деп айтылат маалыматта.

2019-жылдын 15-августунда сот чечими менен С.Слесаревге берилген документтерди алуу боюнча чечим чыккан. Анда жактоочунун мыйзамдык милдеттери көрсөтүлүп, С.Слесарев менен Ж.Жоошевдин кыймыл-аракеттери шек туудурганы аныкталган.

Ошого байланыштуу башкы көзөмөл орган Слесарев менен Жоошев Кылмыш кодексинин талаптарын билип туруп, кылмыш жасагандарды ачыкка чыгарууну каалабастан кылмыш боюнча мыйзамды өз түшүнүгү менен чечмелеп, аны одоно бузуу менен «укук коргоо органдарынын чектен ашкан аракеттери» тууралуу туура эмес маалыматтарды таратып жатканын кошумчалады.

Башкы прокуратура Атамбаевдин жактоочулары Слесарев менен Жоошев Аскер прокуратурасына күбө катары көрсөтмө берүү үчүн келиши керектигин  белгилейт.

Эске сала кетсек, 13-августта социалдык тармактарда Атамбаевди кармоо учурунда Асанов андан акча, зер буюм жана маанилүү документтер салынган пакет алып жатат деген видео тараган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.