Ширин Айтматованын жолдошунун иши ИИМдин Тергөө кызматынын өндүрүшүнө алынган

Окуялар тизмеги 20 Дек 2019 16:42
0 ой-пикир

Бишкек шаарынын жашоочусу Виктор Гавришев «Вечерний Бишкек» www.vb.kg интернет сайты аркылуу Кыргыз Республикасынын Президенти жана Башкы прокуроруна 2013-жылы Бишкек ШИИББнын тергөөчүсү У.Баялиев, Россия Федерациясынын жараны С.Богданова жана Ш. Айтматованын жолдошу С. Кенжебаев менен биргеликте, мыйзамсыз кылмыш ишин козгошкон деп кайрылып ага карата чара көрүшүн талап кылган. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.
Кыргыз Республикасынын ИИМи жогоруда көрсөтүлгөн кылмыш иши боюнча төмөндөгүдөй түшүндүрмө берет. 2013-жылдын 11-ноябрында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан, Егор Гавришев аттуу жаран менен тергөөдө аныкталбаган адамдар менен 2012- жылдын январь айынан 2013-жылдын февраль айына чейинки аралыкта Кыргыз Республикасына баасы 808 932 АКШ долларын түзгөн жалпысынан 810 даана спутник телефондорун, жалпысынан 20 245 909 сомдук бажы төлөмдөрүн төлөбөстөн алып келишкен. Айтылган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 304-беренеси 2 -бөл. (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 316-бер.2 бөл. (Шалаакылык) менен кылмыш иши козголгон.
Кылмыш ишинин тергөө амалдарын объективдүү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын ИИМнин Тергөө кызматына кылмыш иши тапшырылган, анда 2013-жылдын 13-сентябрында РФнын жараны С. Богданов Кыргыз Республикасынын ИИМнин Тергөө кызматына Кыргыз Республикасынын аймагына «Иридим», «Эксполлер», «Сателейт Кит», маркаларындагы 810 спутник телефондорун алып киргизишкендигин туурасында жүктүн документтери көрсөткөн.
2013-жылдын 17-декабрында Егор Гавришевдин жүргөн жери аныкталбагандыктан ага карата Кыргыз Республикасынын КЖКнин 204-беренеси 1-бөл., 3-бөл.1,4,5 пунктары жана 210-берененин 1-бөл.2-бөл.1,2 пунктары жана 3-бөл. менен айыбы сырттан угузулган жана кылмыш иши өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп алынган.
2019-жылдын 19-февралында Е.Гавришев «Манас» аэропортунан кармалган жана 2019-жылдын 20-февралында ага Кыргыз Республикасынын КЖКнин 223-беренесинин 2-бөл.1,4 пунктарында көрсөтүлгөн кылмыш боюнча шектүү катары билдирүү тапшырылган жана ошол эле күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан ага карата бөгөт коюу чарасы үй камагы тандалып алынган.
Тергөө амалдарын жүргүзүү учурунда шектүү Егор Гавришевдин атасы Виктор Гавришев «Вечерний Бишкек» www.vb.kg интернет сайты аркылуу Бишкек ШИИББнын тергөөчүсү У.Баялиев, Россия Федерециясынын атуулу С.Богданова, жана Ш. Айтматованын жолдошу Кыргыз Республикасынын жараны С.М.Кенжебаев болушуп мыйзамсыз аракеттерди жасоо менен кылмыш ишин козгошкон деп, арыз менен кайрылган.
Азыркы күндө тергөө амалдарын объективдүү жүргүзүү жана мыйзамдардын талаптарын сактоо менен чечим кабыл алуу учун кылмыш иши Кыргыз Республикасынын ИИМнин Тергөө кызматына өндүрүшкө алынып тиешелүү иш чаралар жүргүзүлүүдө.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.