Жээнбеков чет өлкөлөрдөгү мекендештерге кайрылуу жолдоду

Окуялар тизмеги 19 Дек 2019 07:38
0 ой-пикир

18-декабрда, Мигранттын эл аралык күнүнө карата Сооронбай Жээнбеков чет өлкөлөрдөгү мекендештерге кайрылуу жолдоду, — деп билдирет президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

Мамлекет башчысынын кайрылуусунун тексти:

«Урматтуу мекендештерим!

Дүйнө коомчулугу мигранттардын азыркы замандагы орду абдан маанилүү экенин, алар өз мекенин жана иштеп жаткан өлкөсүн өнүктүрүү үчүн чоң салым кошуп жатканын таанып, бул күндү атайын белгилейт.

Алыста иштеп жаткан биздин мекендештерибиз күнүмдүк жашоо муктаждыгы менен гана чектелип калбай, алдыңкы технологияларды өздөштүрүп, өз мекенине инвестицияларды тартып жатышат.

Биз сиздердин өлкөбүздүн элет жериндеги турмуш деңгээлин көтөрүүгө кошкон салымыңыздарды бийик баалайбыз.

Мекендештерге колдоо көрсөтүүнү — мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты катары аныктадык. Мамлекет өз жарандарына карата камкордугун күчөтөт.

Сиздер менен биргеликте быйыл Мекендештердин кеңешинин биринчи жыйынын өткөрдүк. Мамлекеттик органдар мекендештерибиз менен макулдашылган бардык багыттар боюнча иштеп жатышат. Биздин биримдигибизге, Кыргызстаныбызды өнүктүрөбүз деген жалпы максатыбызга аралыктын алыстыгы кедерги боло албайт. Алдыдагы асыл максаттарга чогуу жетебиз.

Сиздердин патриоттуулук жана эмгегиңиздер үчүн ыраазылыгыбызды билдиребиз.

Сиздерге бекем ден соолук, ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм!»

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.