Сооронбай Жээнбеков жыл жыйынтыгы боюнча маалымат жыйын өткөрөт

Окуялар тизмеги, Өлкө 19 Дек 2019 10:22
0 ой-пикир

Президент Сооронбай Жээнбековдун маалымат жыйыны 2019-жылдын 25-декабрында өтөт. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

«Президенттин ЖМК өкүлдөрү менен жолугушуусу «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында болот», — деп айтылат маалыматта.

Маалымат жыйыны саат 11:00дө башталат.

Сооронбай Жээнбеков 2017-жылы 24-ноябрда расмий түрдө президенттик кызматка киришкен.

Жээнбековдун жыл жыйынтыктаган маалымат жыйыны алгачкы ирет 2018 жылдын 19-декабрында өткөн.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.