Курсан Асановдун үй камагындагы мөөнөтү 2 айга узартылды

Окуялар тизмеги, Өлкө 19 Дек 2019 10:07
0 ой-пикир

Ички иштер министринин мурунку орун басары Курсан Асановдун үй камагындагы мөөнөтү 23-февралга чейин узартылды.

Тиешелүү чечимди Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту чыгарды.

Ички иштер министрлигинин мурдагы орун басары Курсан Асанов үч кылмыш иши боюнча сурак берип жатат. Үч иш тең Жазык кодексинин 320-беренесинин («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») негизинде козголгон. Анын экөө боюнча Курсан Асанов күбө катары суралууда. Ишти Аскер прокуратурасы тергеп жатат.

13-августта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ички иштер министрлигинин ички иликтөө кызматы «7-8-августта Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында милициянын кызыкчылыгын саткан жана ишеничтен кеткени аныкталды» деп чыгарган чечимдин негизинде Курсан Асановду кызматтан алган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.