Кетсин! Башкы прокурорду кызматтан алуу боюнча президентке кайрылуу жөнөтүлдү

Окуялар тизмеги, Өлкө 19 Дек 2019 08:33
0 ой-пикир

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовду кызматтан алуу боюнча кайрылууну президенттин канцеляриясы кабыл алды. Бул тууралуу «Прецедент» укуктук тобунун жетекчиси Нурбек Токтакунов «Фейсбуктагы» баракчасына жазып чыкты.

Ага ылайык, «Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду коргогону үчүн башкы прокурордун кызматтан кетишин талап кылган» кайрылууга 207 киши кол койду.

Эми президенттен жооп күтүү менен бирге УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына да кайрылабыз. Андан тышкары Финансы полициясы Райымбек Матраимов боюнча кандай териштирүү жүргүзүп жатканын сурайбыз, — деп жазган.

Эске сала кетсек, 9-декабрда Нурбек Токтакунов Райымбек Матраимовго каршы Башкы прокуратурага арыз менен кайрылган. Токтакунов бир катар журналисттик иликтөөлөргө, расмий билдирүүлөргө таянып, Матраимовдун чыгашасы кирешесинен өтө көп экенине көңүл бурууну жана мыйзам бузуу аныкталса чара көрүүнү өтүнгөн.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.