АКШнын Өкүлдөр палатасы Дональд Трампка импичмент жарыялады

Аалам, Окуялар тизмеги 19 Дек 2019 15:53
0 ой-пикир

АКШ Өкүлдөр палатасы 18-декабрда президент Дональд Трампка импичмент жарыялады. Эми республикачыл президентке ишеним көрсөтпөө маселесин Сенат карамакчы.

Демократтар үстөмдүк кылган Өкүлдөр палатасы «Трамп кызматынан кыянат пайдаланган» жана «Конгресстин иликтөөсүнө тоскоолдук жараткан» деген резолюцияны кабыл алды. Импичментти 230 конгрессмен колдоду, 197си каршы добуш беришти.

Трамп Киевден АКШ президенттигине ыктымал талапкер, саясий атаандашы «Жо Байденге каршы иликтөө жүргүзүүнү талап кылып, болбосо Украинага жардам берилбейт» деген шарт койгон деп айыпталууда. Демократтар муну өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч катары баалашкан.

Шаршембиде Мичигандагы жыйында сүйлөгөн Трамп демократтар “он миллиондогон патриот америкалыктардын добуштарын жокко чыгарууга аракеттенишүүдө” деди.

Добуш берүү алдында Өкүлдөр палатасынын төрайымы Нэнси Пелосиге жолдогон катында президент демократтардын жетекчилигин “америкалык демократияга каршы ачык согуш жүргүзүп жатат” деп күнөөлөгөн.

Январда Сенат Жогорку соттун төрагасы Жон Робертстин жетекчилигинде импичмент маселесин карамакчы. Президентти кызматтан кетирүү үчүн сенаторлордун үчтөн эки бөлүгүнүн добушу керек. Ушу тапта жогорку палатада 53 республикачыл жана 47 демократ бар.

Өлкө тарыхында Өкүлдөр палатасы ушуну менен үчүнчү жолу мамлекет башчыга импичмент жарыялады.

Буга чейин 1998-жылы Билл Клинтонго, 1868-жылы Эндрю Жонсонго импичмент жарыялоону колдогон. Бирок Сенат эки жолу тең президенттерди кызматтан четтетүүгө каршы болгон.

1974-жылы Ричард Никсон импичмент процесси колго салууга жете электе кызматынан кеткен.

Булак: Азаттык

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.