ELGEZIT - RSS

Канат Исаев пиар-командасын кетириш керекпи?
Алмаз Баратов — атайын Elgezit.kg үчүн.

Көңүл калуу.  “Кыргызстан” партиясынын лидери Канат Исаевдин шайлоого карата алгачкы кадамын билдирген билдирүүсүнөн кийин ушундай ой келди.

Жаш, болгону 44 жаштагы, келечектен көптү
үмүттөндүргөн саясатчы Канат Исаев сөзү көп, бирок мааниси жок текстти
жарыялоого макулдугун берген. Азыр кайда эмне деп сүйлөгөнгө гана эмес, анын
атынан кандай билдирүү тарап жатканына дагы көңүл бөлчү мезгил эмеспи.

Эл көп окуй бергиси келбеген узун тексттен
бир нерсени гана түшүндүк – “Кыргызстан” партиясы бийликтин партиясы болууну
каалап, президентти колдорун билдиргиси келиптир. Административдик ресурсту
эске алсак, мамлекет башчысына берилгендиги тууралуу ачык эле ант берүү жаңы кадам
эмес. “Кыргызстандын” бул кадамы өтө олдоксон болду.

Бул билдирүүдөн кийин Канат Исаевге өтө көп суроо бергиң келет экен. Анткени   «Учкашпа, учкашкан соң түшө качпа» дешет эмеспи. Конкреттүү эч нерсе жок, жөн гана көнүмүш сөздөр жазылган билдирүүну ар ким өз билгенине жараша түшүндү. Бир сөз менен айтканда, бул билдирүүнү таратуу убаракерчилиги акчаларды курулай чачкандай эле болду.

Билдирүүнүн текстин карасаң: “Кыргызстан” партиясы биздин жарандардын жаркын келечеги, өлкөнүн туруктуу өсүп өнүгүүсү  үчүн жарыяланган коррупцияга каршы күрөштү баардык жагынан колдойт. Бул күрөштө биз бекем жана чечкиндүү болушубуз керек. Ошондуктан биздин партия өлкөдөгү баардык саясий күчтөрдү, баардык жарандарды Кыргыз Республикасынын келечеги үчүн биригүүгө чакырат”.

“Жарыяланган коррупцияга каршы күрөштө”
“Кыргызстан” партиясы кимге колдоо көрсөтөт? Эгерде президентке болсо, анда
эмнеге аны түз эле айтышкан эмес? Эгерде жарандык активисттерге болсо, эмнеге
өздөрүнүн баатырларын белгилеп коюшкан эмес? Эгерде экөөнө тең болсо, анда
мындай билдирүү таратуунун канчалык зарылчылыгы бар эле?

Исаевдин билдирүүсүнөн дагы бир табышмактуу үзүндү: “Тилекке каршы, биздин өлкөдө көптөгөн демилгелер жана программалар конструктивдүү эмес күчтөр тарабынан жасалма каршылыктарга туш болот – ар кандай топтор жана манипуляцияга туш болгон аткаминерлер тарабынан маанилүү долбоорлор үзгүлтүккө учурап келет”.

Мындай билдирүүдөн кийин айран таң калат экенсиң. Демек, бул бийлик алсыз, башкаруу системасында кандайдыр бир топтор долбоорлорду үзгүлтүккө учуратып коюучу күчкө ээ дегендикпи? Ак үйдөгү фаворит-саясатчылардын биринин формалдуу эмес ордуна талапкер болуп жаткан Канат Исаев ушундай ойду айткысы келгенби?

Акыркы парламенттик шайлоодо “Кыргызстан” “Жети кадам” – ыймандуу Кыргызстан, дени сак Кыргызстан, билимдүү Кыргызстан, укуктук Кыргызстан, жигердүү Кыргызстан, бакубат Кыргызстан, көз карандысыз Кыргызстан деп аталган абстракттуу программа менен келгендигин эске салам. Алар шайлоо алдындагы программасынын канчасын ишке ашырганын баалоо мүмкүн болбой турат. Себеби баа берүү үчүн эч кандай критерийлер, конкерттүү кадамдар каралган эмес.

Ушундай мааниси жок билдирүүлөрдөн кийин
конкреттүү сунушу жок партияларды колдоо керекпи деген суроо туулат. Алар өлкө
үчүн пайдалуу иш жасай алышабы? Жада калса, билдирүүлөрүндө көз караштарын так
таасын жеткире албагандар иш жүзүндө конкреттүү бир иш жасай алышабы?

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.