Жүрөгү 6,5 саат сокпой калган аялдын өмүрү сакталды. Сүрөт

Аалам, Бул кызыктуу!, Окуялар тизмеги 06 Дек 2019 14:03
2 ой-пикир

испаниядагы Vall d’Hebron клиникасынын дарыгерлери жүрөгү 6,5 саатка токтоп калган 34 жаштагы британиялык аялды куткарып калышты. Бул тууралуу Vanguardia гезити жазат.

Окуя 3-ноябрда британиялык Одри Мэш өзүнүн күйөөсү менен Пиренеи тоосунда жүргөндө болгон. Бирок клиниканын дарыгерлери бейшемби күнү гана Одри Мэш тууралуу айтышкан.

Алардын айтуусунда, жубайлар тоодо сейилдөөнү чечишкен. Аба ырайынын өзгөрүшүнөн 34 жаштагы аял эс-учун жоготуп алган. Анын күйөөсү Одринин жүрөгү сокпой калганын айткан.

Дарыгерлер аялды жандандыруу бөлүмүнө жаткырышкан. Ага экстракорпоралдык мембраналык кычкылдандыруу системасы колдонулуп, жүрөк согушу калыбына келтирилген.

Vall d’Hebron клиникасынын кызматкери Эдуард Аргудонун айтымында, абанын өзгөрүшүнөн улам британиялык Одри Мэштин мээси тез арада муздоого дуушар болгон. Ал учурда мээге кычкылтектин баруусу кескин төмөндөп кеткен.

Дарыгерлер белгилегендей, мындай учур Испанияда алгачкы жолу байкалган.

2 ой-пикир “Жүрөгү 6,5 саат сокпой калган аялдын өмүрү сакталды. Сүрөт

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.