Жээнбеков Улуттук фтизиатрия мекемесине жана Бишкектеги Тез жардам борборуна барды. Сүрөт

Окуялар тизмеги, Өлкө 05 Дек 2019 18:07
0 ой-пикир


Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-декабрда, Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук фтизиатрия борборуна жана Бишкек шаарындагы Тез жардам борборуна барды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет

Улуттук фтизиатрия борборунда лабораториянын башчысы Гүлмира Калманбетова санариптештирүү процессин кургак учукту диагноз кылган тез молекулярдык тесттер жүргүзүлчү референс-лабораторияларга киргизүү жөнүндө айтып берди.

Это изображение имеет пустой атрибут alt; его имя файла - pr1-1024x568.jpg
Это изображение имеет пустой атрибут alt; его имя файла - pr2-1024x682.jpg

Ал биологиялык материалдарды ташуунун жаңы системасы ишке ашырылып, анын жардамы менен аймактагы бейтаптар өздөрү Улуттук кургак учук борборуна какырык үлгүсүн алып келбей тургандыгын маалымдады. Аларды жеткирүү Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы фельдъегерлик кызматтын жардамы менен ишке ашырылат.

Бул нерсе диагноз коюуну алда канча тездетип, башкаларга жугузуп алуу коркунучун азайтып, калктын убактысын жана чыгымдарын бир топ үнөмдөөгө мүмкүндүк бергенин белгиледи. Көрсөтүлгөн жогорку технологиялуу диагноздоо ыкмасы жарандарга акысыз көрсөтүлөт.

Улуттук фтизиатрия борборунун директору Болот Майканаев белгилегендей, санариптештирүү процессинин алкагында туберкулезго каршы кызматынын маалыматтык системасы башка мамлекеттик электрондук системалар (МКК, Соцфонд, ММКФ, Саламаттык сактоо министрлиги) менен «Түндүк» системасы аркылуу интеграцияланган.

Это изображение имеет пустой атрибут alt; его имя файла - pr-1024x586.jpg

Борбордун жетекчиси заманбап маалыматтык технологияларды кургак учукка каршы кызматтын ишине киргизүү менен ар бир бейтаптын медициналык жардам алуусунун бардык баскычтарына көз салып турууга мүмкүндүк берерин белгиледи. Санариптештирүүнү киргизүү менен бейтаптардын оорусун алдын алууга, натыйжалуу жана оперативдүү дарылоого жаңы мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн.

Андан соң Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарындагы Тез жардам борборуна барып, тез жардам унааларын, Борбордун капиталдуу ремонт жасалган имаратын көрүп чыгты. Мекеменин директору Искендер Шаяхметов тез жардам бригадаларынын ишин оптимизациялоо жана оперативдүүлүгүн жогорулатуу үчүн жаңы автоматташтырылган башкаруу системасы ишке киргизилгенин маалымдады.

Чакыруу келип түшкөндө тез жардам бригадасынын жүргөн жерине онлайн-режимде байкоо жүргүзүлүп, ал дарекке эң жакын жана бош бригада жөнөтүлөт. Ошондой эле борбор калаадагы бардык тез жардам бригадаларынын кыймыл-аракети көрүнүп турат.

Искендер Шаяхметов бул долбоорду ишке ашыруу диспетчерлердин чакырууларды карап чыгуу мөөнөтүн кыскартып (чакырууну кабыл алуудан бригаданын жөнөп кетүүсүнө чейин), бригаданын жолдо жүрүү убактысын кыскартты. Булардын баары чакырылган жерге кечигип барууну төмөндөттү. Эгерде 2017-жылы 20 минуттан көп кечигүү менен барган учур 70% түзсө, 2019-жылдын 6 айында бул көрсөткүч 21%га кыскарган.

Это изображение имеет пустой атрибут alt; его имя файла - pr8-1024x697.jpg
Это изображение имеет пустой атрибут alt; его имя файла - pr5-1024x682.jpg

Бул системаны киргизүүдө чет өлкөлөрдүн алдыңкы тажрыйбалары изилденгенин кошумчалады. Система биринчи кезекте, медициналык тез жардамдын кечигип келүүсүнөн улам болгон өлүм жана оор кесепеттер менен аяктаган учурларды төмөндөтүүгө багытталган.

Президент санариптештирүү процессин медицина тармагында өлкөнүн региондорунда да тездетүүнүн тапшырды.

Мамлекет башчысы адамдардын өмүрүн куткаруу эң мыкты кесип экенин өзгөчө белгилеп, кургак учукка каршы кызматтын жана тез жардам станцияларынын жумушчуларына айлык акыларды жогорулатуу мүмкүнчүлүктөрү каралып жатканын кошумчалады.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.