«Мен өзүмдү кыргыз деп көбүрөөк сезем», — депутат Строкова өкмөттүн кадр саясатын сынга алды

Окуялар тизмеги, Өлкө 04 Дек 2019 11:35
0 ой-пикир

Бүгүн, 4-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында КСДП фракциясынын депутаты Евгения Строкова өкмөт башчынынын кадр саясатын сынга алды.

Өкмөттүн акыркы дайындоосу  башталгыч кесиптик билим берүү системасын биротоло талкалайт. Анткени кайсы жакта туруксуздук болсо, Рита Карасартова ошол жерде. Алмаз Шаршеновичтин тушунда ал дайыма ага каршы болуп жүрдү. Качан гана ал жактан туруксуздук боло баштаганда, ал дароо ошол лагерге өтө калды. Карасартованы билим берүүнү солгундатсын деп дайындаштыбы?

Депутат премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин жана Рита Карасартованын улутуна да токтолуп, «аларга караганда мен өзүмдү кыргыз деп көбүрөөк сезем» деп билдирди.

«Силердин жүзүңөр кыргыз эле болбосо, жан дүйнөңөр ким? Келечек муун жөнүндө ким ойлонот? Мындай болсо, балдар жакында Улуу Ата Мекендик согушта Америка жеңген деп айта башташат» — дейт депутат айым.

Строкова өкмөттүк эмес уюмдардын кээ бирлерин таптакыр жаап салыш керек экенин да айтты.

Эске сала кетсек, Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин директору болуп Рита Карасартова дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Рита Карасартова жалпы коомчулукка укук коргоочу катары таанымал. Дайындоого чейин «Коомдук иликтөө институтунун» жетекчиси кызматын аркалаган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.