Жээнбеков Ташкентте Мирзиёев менен жолугушту. Сүрөт

Окуялар тизмеги 29 Ноя 2019 13:05
0 ой-пикир

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-ноябрда, Ташкент шаарында Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту. Сүйлөшүүлөр Борбордук Азия мамлекет башчыларынын экинчи Консультативдик жолугушуусуна катышуунун алкагында өттү.

Кыргызстан жана Өзбекстан мамлекет башчылары достук жана ынак кошуналыкка негизделген кыргыз-өзбек мамилелериндеги динамикалуу өнүгүүнү белгилешти.

Президенттер ошондой эле эки тараптуу кызматташуунун келечегин, Кыргызстан жана Өзбекстандын соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, чек ара мамилелерин өнүктүрүү чараларын талкуулашты.

Сооронбай Жээнбеков жана Шавкат Мирзиёев өлкөлөрдүн мындан ары өз ара аракеттенишүүсү боюнча биргелешкен жакынкы пландарды белгилешип, ошондой эле кыргыз-өзбек стратегиялык кызматташуунун бардык спектрлерин кеңейтүүгө кызыкдарлыгын билдиришти.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.