Сооронбай Жээнбеков Ташкентке учуп кетти

Окуялар тизмеги, Өлкө 29 Ноя 2019 09:36
0 ой-пикир

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-ноябрда, Ташкент шаарына Борбордук Азия мамлекет башчыларынын экинчи Консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн учуп кетти.

Жолугушуунун күн тартибине саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, транспорт жана коммуникациялык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы аймактык кызматташууну кеңейтүү маселелери киргизилген.

Экинчи консультативдик жолугушуунун алкагында Сооронбай Жээнбековдун Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен эки тараптуу жолугушуусу күтүлүүдө.

Кыргызстандын расмий делегациясынын курамында тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусов, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, экономика министри Санжар Муканбетов, транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов бар.

Эске салсак, Биринчи консультативдик жолугушуу 2018-жылдын 15-мартында Нур-Султан шаарында (Казакстан) өткөн.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.