Жээнбеков: Россиянын куралдарынын күчүн көрүп аябай таасирлендим. ВИДЕО

Окуялар тизмеги, Өлкө 28 Ноя 2019 17:19
0 ой-пикир

Президент Сооронбай Жээнбеков Евразия аймагындагы коопсуздукту камсыздоодо Россия менен Владимир Путиндин аракеттерин өзгөчө белгиледи. Мындай пикирин ал ЖККУнун Бишкекте өтүп жаткан жыйынында айтты.

«Жалпы Евразия аймагында коопсуздукту камсыздоодо Россиянын аракеттерин өзгөчө белгилеп кетишим керек. Анын мисалы катары, Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн стратегиялык командалык-штабынын «Центр — 2019″ машыгууларын айтсак болот. Заманбап техникаларды колдонуу менен Оренбург шаарында өткөн машыгууларга өзүм күбө болдум. Россиянын куралдарынын күчүн көрүп аябай таасирлендим», — деди Жээнбеков.

Сооронбай Жээнбеков жана Владимир Путин аскердик машыгууларды көрүүдө. Оренбург шаары, сентябрь 2019 жыл.
Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн стратегиялык командалык-штабынын «Центр — 2019» машыгуулары

Эске салсак, бүгүн Бишкекте Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ)  саммити өттү. Ага Кыргызстан төрагалык кылды. Жыйынтыгында жалпысынан 15 документке кол коюлду.

Уюмга мүчө болгон мамлекет башчылары алгач тар чөйрөдө жолугуп, андан кийин кеңири курамда жолугушту.

ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Тажикистан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон, Армения Премьер-министри Никол Пашинян жана ЖККУ башкы катчысынын милдетин аткаруучу Валерий Семериков катышты.

Жамааттык коопсуздук келишим уюму – «тынчтыкты, эл аралык жана аймактык коопсуздукту жана туруктуулукту бекемдөө» максатын көздөгөн эл аралык уюм.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.