Беш президент тар чөйрөдөгү жолугушууда эмне тууралуу сүйлөшкөнү айтылды

Окуялар тизмеги, Өлкө 28 Ноя 2019 16:55
0 ой-пикир

Президент Сооронбай Жээнбеков ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчылары тар чөйрөдөгү жолугушууда эмне тууралуу сүйлөшкөнүн айтты.

«Биз конструктивдүү жана ишенимдүү формада бир нече маселелерди талкууладык. Аймактагы жана глобалдык коопсуздук боюнча актуалдуу маселелерди ачык сүйлөштүк. Күн тартибине коюлган бардык маселелер боюнча өз ара түшүнүшүү болду», — деди Жээнбеков.

Ал ошондой эле президенттер учурдагы чакырыктар менен коопсуздукка коркунуч туудура турчу аракеттерге каршы чараларды көрүү боюнча пикир алышуу болгонун кошумчалады. Ошондой эле кийинки жылга карата иш-аракеттердин актуалдуу багыттары аныкталган.

Эске салсак, бүгүн Бишкекте Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ)  саммити өттү. Ага Кыргызстан төрагалык кылды. Жыйынтыгында жалпысынан 15 документке кол коюлду.

Уюмга мүчө болгон мамлекет башчылары алгач тар чөйрөдө жолугуп, андан кийин кеңири курамда жолугушту.

ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Тажикистан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон, Армения Премьер-министри Никол Пашинян жана ЖККУ башкы катчысынын милдетин аткаруучу Валерий Семериков катышты.

Жамааттык коопсуздук келишим уюму – «тынчтыкты, эл аралык жана аймактык коопсуздукту жана туруктуулукту бекемдөө» максатын көздөгөн эл аралык уюм.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.