Жогорку Кеңеште президентке импичпент жарыялоо маселеси көтөрүлдү

Окуялар тизмеги, Өлкө 27 Ноя 2019 10:45
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина Түркияда киши колдуу болгон кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмү, өлкөдөн чыгарылган миллиондор, аткезчилик маселеси боюнча Башкы прокурордун маалыматын угууну сунуштады. Эл өкүлү бул күмөндүү жагдайлар президентке импичмент жарыялоо маселесине алып келерин билдирди:

— Маселе аябай көп болуп жатат жана мунун баары бизди президентке импичмент жарыялоо, ишеним көрсөтпөө тууралуу талкуулоого алып баратат. Анткени мунун бардыгы биздин жогорку бийликтин тымызын көзөмөлү менен болуп жатат деп ишенем. Ошондуктан мен Башкы прокурорду угуп, эмне болуп жатканын, эмне үчүн эл аралык иликтөөлөрдө башкача айтылууда, бизде болсо баары жайында, аткезчилик жок деп олтурабыз, ошону сурайлы.

Депутат Улан Примов президент Сооронбай Жээнбековго импичпент жарыялоо маселесин козгогонго эч кандай негиз жоктугун, ал жөнүндө сөз болушу мүмкүн эместигин билдирди. Ал мамлекет башчысы өзүнүн Конституциялык укуктарын пайдаланып, өз милдетин так аткарып жатканын кошумчалады.

Эл өкүлдөрү Азамат Арапбаев, Алмазбек Токторов импичмент жөнүндө ойлорго кошулбай тургандарын айтышты.

Депутат Наталья Никитенко болсо кезинде Өмүрбек Текебаев “Ата Мекен” фракциясынын лидери болуп турган учурда ошол учурдагы президент Алмазбек Атамбаевге импичмент жарыялоо маселесин козгогонун эстеди. Никитенко Текебаев бир топ иштер боюнча Атамбаевди айыптаганын билдирип, азыр ошол маселелер боюнча мурдагы президентке айыптар тагылып жатканын белгиледи.

Эске сала кетсек, Кыргызстандын бажысындагы коррупциялык схема боюнча журналисттерге маалыматтарды жана жүздөгөн документтерди берген Айеркен Саймаити 10-ноябрда, Стамбулдагы мейманканалардын биринин кафесинде отурган жеринен киши колдуу болуп атып өлтүрүлгөн. Түркияда аны өлтүрүүгө шектүү катары төрт киши кармалды.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.