Валентина Шевченконун кийинки атаандашы аталды

Окуялар тизмеги 22 Ноя 2019 16:35
0 ой-пикир

Кыргызстандык спортчу, жеңил салмак боюнча UFC чемпиону Валентина Шевченконун кийинки атаандашы аталды. Ал америкалык мушкер Кэтлин Чукагян болмокчу. Бул тууралуу батыштын ЖМК жар салды.

Маалыматка ылайык Валентина Шевченко жеңил салмак боюнча UFC чемпиондугун коргоп калууга UFC 247 турнирине чыгат.

Таймаш 2020-жылы 8-февралда АКШнын Хьюстон шаарында өтөт.

Америкалык мушкер Кэтлин Чукагян ноябрь айынын башында UFC 244 турниринде калыстардын чечими менен Дженнифер Майяны жеңип алган. Ага чейин июнь айында Джоан Калдервудду жеңген.

Эске сала кетсек, кыргызстандыктардын сүйүктүү спортсмени Валентина Шевченко 31 жашта. Мушкердин ММА боюнча 18 жеңиши бар.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.