Сооронбай Жээнбеков прокурорлор менен жолугушту

Окуялар тизмеги, Өлкө 22 Ноя 2019 17:19
0 ой-пикир

Реформанын алкагында прокуратуранын укук коргоочулук функциялары биринчи планга чыгуусу зарыл. Жарандардын укуктарын коргоо — прокуратура органдарынын түздөн-түз милдети. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков  бүгүн, 22-ноябрда Кыргыз прокуратурасынын 95 жылдыгына карата өткөн иш-чарада билдирди.

2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген жаңы кодекстер жана мыйзамдар менен өлкө жаңы укуктук мейкиндикке киргенин айтып, президент соттук-укуктук реформалардын ийгилиги прокуратура органдарынын ишине байланыштуу экенин белгиледи.

Ал коомдо мыйзамдуулук орноп, жарандын укугу кынтыксыз корголсо, реформа элдин колдоосуна ээ болорун кошумчалады.

«Ошондуктан азыр мамлекеттик бийликтин аброю, элдин бийликке болгон ишеними прокуратура органдарынын натыйжалуу ишине тыгыз байланышкан. Мамлекеттик бийликке карата болгон элдин оң мамилесин бекемдөөдө прокуратура органдарынын жоопкерчилиги абдан жогору», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Президент учурда өлкө соттук-укуктук реформанын башталгыч этабында турганын, алдыда иштер арбын экенин кошумчалады.

Ал коррупцияга каршы күрөшүү — дайыма актуалдуу жана приоритеттүү багыттардын бири бойдон каларын баса белгиледи. Жаӊы укуктук шарттарда Башкы прокуратура коррупцияга каршы күрөштүн башкы координатору экендигин өзгөчө белгиледи.

 Прокуратуранын иши оңолмоюнча, жалпы сот өндүрүшү да оӊолбойт. Соттук-укуктук реформаны ишке ашыруу — соттордун же прокуратуралардын эле мекемелик иши эмес. Бул жалпы мамлекеттик иш. Элибиз, коомчулук талап кылган маанилүү реформа, — деди президент.

Белгилей өтсөк, коррупциянын бетин ачууда журналисттик иликтөөлөр өзгөчө ролду ойнойт. Кыргызстандын бажысындагы коррупция тууралуу «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген «Азаттыктын», «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана «Kloop» агенттиги жасаган иликтөө коомчулукта кызуу талкууланып жатат.

Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары, саясий жана коомдук ишмерлер президент бул иликтөөгө көңүл буруп, чара көрүшүн талап кылышууда. Сооронбай Жээнбеков прокурорлор менен жолугууда бул тууралуу сөз кылган эмес. 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.