Райым Матраимов өлкөдөн төрт күн мурун чыгып кеткен, — депутат

Окуялар тизмеги, Өлкө 22 Ноя 2019 18:05
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райым Матраимовдун Кыргызстандан чыгып кеткендигин жарыялады.

«Раим Матраимов 4 күн мурда үй-бүлөсү менен өлкөдөн сыртка учуп кетти. Эми анын “калкалоочусу” качан учуп кетээр экен, күтө туралы…» , — деген билдирүүнү эл өкүлүФейсбуктагы баракчасына калтырган болчу.

Эске сала кетсек, 21-ноябрда «Азаттык», «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана «Kloop» агенттиги чогуу жасаган «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөө жарыяланды.

Анда ишкер Хабибулла Абдукадыр аттуу уйгур үй-бүлөлүк компаниясы аркылуу товарларды туура эмес көрсөтүү жана башка системалар менен өлкөгө миллиондогон акча мыйзамсыз кирип-чыгып турганы тууралуу маалыматтар бар. Эбегейсиз ири суммадагы акча каражаттары адалданып турганы да айтылган.

Ошондой эле аталган иликтөө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экенин тастыктаган.

Журналисттерге бул маалыматтарды жана документтерди 10-ноябрда, Стамбулда атып өлтүрүлгөн ишкер Айеркен Саймаити берген. Ал көзү тирүүсүндө кыргыз бажысындагы чиеленишкен коррупциялык схема боюнча суроолорго да жооп берген.

Иликтөөнүн биринчи бөлүгү ушул жылдын май айында чыккан. «Азаттыктын» ал иликтөөсүндө 700 млн. доллардын тегерегиндеги каражат Айеркен Саймаити аркылуу бир нече жыл бою күмөндүү жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени тууралуу кеп болгон.

Белгилей өтсөк, маалымат жазган депутат Карамушкина учурда 7-8-августтагы Кой-Таштагы окуяларга байланыштуу козголгон кылмыш иштеринде шектүү катары өтүп жатат.

Башкы прокуратура Ирина Карамушкина Жазык кодексинин 244-беренеси («Барымтага алуу») жана 43-беренеси («Кылмышка катышуу») боюнча шек саналып жаткандыгы маалымдаган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.