Парламент ыйлаган кыз боюнча түшүндүрмө берди

Окуялар тизмеги, Өлкө 22 Ноя 2019 09:17
0 ой-пикир

Айрым медиа каражаттарында “Жогорку Кеңештин депутаттары кичинекей кызды шылдыңдап, ыйлатканга чейин барышты” деген маалыматтар чындыкка жатпайт. Бул тууралуу  Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы түшүндүрмө таратты.

«Урматтуу кесиптештер, Жогорку Кеңеш жана эл өкүлдөрүнө карата сын-пикирлердин дээрлик баарын эле түшүнүү менен кабыл алабыз. Бирок айрым медиа уюмдардын балдардын видеосун, сүрөтүн жана ысымын колдонуу аркылуу депутаттарга карата нааразычылыкты күчөтүү аракетине жол берилбеши керек деп эсептейбиз. 20-ноябрда Жогорку Кеңеш Балдардын бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата өлкөбүздүн жети дубанынан келген балдарды кабыл алып, майрамы менен куттуктап жана алардын балдар темасына байланыштуу даярдаган баяндамаларын, суроолорун угушкан. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы тарткан төмөнкү видеодо көрүнүп тургандай, бул жыйынга депутаттар, балдар, балдар укугун коргоо боюнча адистер, ЮНИСЕФ уюмунун кызматкерлери жана журналисттер катышкан. Кичинекей коногубуз олуттуу маселени козгоп, өзгөчө чеберчилик менен, балалыктын бал тилине салып сүйлөгөнүнө күбө болгон катышуучулардын баары, бир эле депутаттар эмес, телеоператорлор дагы күлүп, анын артынан дароо кол чаап колдоп жиберишти. Бул жагдай кичинекей коногубузду толкунданткандай болду. Видеонун Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы тарткан версиясында жыйынды алып барган вице-спикер Аида Касымалиева кичинекей коногубузга кайрылып: “Жакшы маалымат бергениң үчүн сени колдоп кол чаап жатабыз. Азаматсың!” деп айтканын угууга болот. Жыйындын катышуучуларынын бардыгынын пикири ушундай деп ойлойбуз. Биз ЮНИСЕФтин өкүлдөрү менен дагы бул окуяны талкуулап, толугураак түшүндүрмө берүүгө даярбыз. Айрым маалымат каражаттары жазгандай “Жогорку Кеңештин депутаттары кичинекей кызды шылдыңдап, ыйлатканга чейин барышты” дегендей маалыматтар чындыкка жатпайт», —деп айтылат маалыматта.

20-ноябрда Дүйнөлүк балдар күнүнө, Балдардын укуктары жөнүндө конвенциянын кабыл алынганынын 30 жылдыгына арналган иш-чарага өлкөнүн баардык аймактарынан келген балдар, Жогорку Кеңештин депутаттары, эл аралык жана жергиликтүү коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышкан.

Анда балдар өзүнүн укуктары боюнча да пикир алышып, андан сыртары өзүнүн каалаган суроолорун депутаттарга узатып, тийиштүү жоопторун ала алышкан.

Учурда бул видеону социалдык тармактын колдонуучулары да кызуу талкуулап жатышат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.