Израилдин премьер-министрине коррупция боюнча айып тагылды

Аалам, Окуялар тизмеги 22 Ноя 2019 16:51
0 ой-пикир

Израилдин Башкы прокуратурасы өлкө премьер-министри Биньямин Нетаньяхуга коррупция айыбын такты. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазып чыкты. Биньямин Нетаньяху Израилдин Башкы прокуратурасы өлкө премьер-министри Биньямин Нетаньяхуга коррупция айыбын такты. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазып чыкты.

Өкмөт башчы үч иш боюнча коррупцияга айыпталары быйыл февралда белгилүү болгон. Прокурорлор Нетаньяху ишкерлерден 300 миң долларга бааланган белектерди алганын белгилешкен. Мындан тышкары басылмаларда өзү тууралуу позитивдүү маалыматтар чыгып турушу үчүн медиабизнес өкүлдөрү менен тыгыз кызматташканы айтылган.

Нетаньяху өзүнө каршы башталган тергөөнү жаңылыштык деп атап, айыптоолордун бардыгын четке каккан.

Учурда Израилде саясий каатчылык өкүм сүрүүдө. Сентябрда өткөн экинчи жолку парламенттик шайлоодон кийин дале болсо өкмөт түзүлө элек. Нетаньяхунун көпчүлүк коалиция куроо боюнча бир канча жолку аракети майнапсыз аяктаган. Андан кийин өкмөттү түзүү укугу оппозициялык партиянын лидери Бени Ганцка берилген. Эгер ал дагы башка фракциялар менен мунасага келбесе, өлкөдө жаңы парламенттик шайлоо жарыяланышы мүмкүн.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.