Депутат Жанар Акаев Саймаити тууралуу маалыматтар боюнча унчукпай калган жок

Окуялар тизмеги 22 Ноя 2019 15:40
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Кыргызстандан чыгарылган акчалар, Сайматинин өлүмү тууралуу журналисттик иликтөөдөн унчукпай кутулуу мүмкүн эместигин билдирди.

«Жогорку Кеңеш түзгөн депутаттык комиссия “миллиарддык схеманынын” бетин ачарына коомчулукта таптакыр ишеним жок, ал жерде кызыкчылыктар кагылышы болоору турган иш», — дейт ал.

«Менин сунушум түзүлгөн комиссия “көз карандысыз” комиссия деп макамын өзгөртүп, анын курамына жарандык коом, оппозиция, эл ишенген калыс инсандар кошулуп, бажыга, акча ташууга тиешеси бар делген бардык жетекчилер, депутат, саясатчылар курамынан чыгарылсын! Мурда кийин бажыга, акча ташууга таптакыр тиешеси жок адамдар гана мүчө болсун! Ошондо гана бул окуяга акыйкат баа берилип, мындан аркы кара схема кан буугандай токтойт! Окуя биз ойлогондон да терең. Биздин угушубузча Саймати менен бир топ саясатчылар жакындан кызматташып келген, Кыргызстандан чыккан акчалар Саймати аркылуу Сирияга чейин жетип турган деген маалыматтар бар. Стамбулдагы башкы консул Сопоков Кыргызстанда бир нече ирет түрмөгө отуруп чыккан атактуу криминалдык төбөлдөрдүн биринин жакын досу! Иликтөөдө аты аталган чет элдик ишкерлер буга чейин Кыргызстанды башкарган кишилердин атынан чоң мечиттин курулушун каржылап, жеке учагы менен учуруп, керек болсо резиденциянын ичине кошумча резиденция куруп бергени тууралуу маалыматтарды да иликтөө ачыкташы зарыл. Жарандык коомдун катышуусунда гана калыс чечим чыгып, мындан да терең схемалар ачылат деп ойлойм. А өкмөттү кетиргенден эмне пайда? Аларды күч блогу менен кошо чакыралы, баарына жооп берсин!«.

Акаев бул иликтөө өз ара тирешкен саясий топтордун чырагына май тамызарын, бирок ким экендигине карабай коррупциялык схема түзгөн уурулар жазага тартылышы керектигин белгиледи. Анын пикиринде, жарандык коомдун катышуусунда гана калыс чечим чыгып, мындан да терең схемалар ачылат.

21-ноябрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жасаган «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөө жарыяланды.

Анда көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадыр аттуу уйгур үй-бүлөнүн карго компаниясы аркылуу товарларды туура эмес көрсөтүү жана башка системалар менен өлкөгө миллиондогон акча мыйзамсыз кирип-чыгып турганы тууралуу маалыматтар бар. Олчойгон ири суммадагы акча каражаттары адалданып турганы да айтылган.

Ошондой эле бул иликтөө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экенин ашкереледи.

Журналисттерге бул маалыматтарды жана жүздөгөн документтерди 10-ноябрда, Стамбулдагы мейманканалардын биринин кафесинде отурган жеринен атып өлтүрүлгөн уйгур улутундагы кытайлык ишкер Айеркен Саймаити берген. Ал көзү тирүүсүндө кыргыз бажысындагы чиеленишкен коррупциялык схема боюнча суроолорго да жооп берген.

Акыркы иликтөө боюнча Райымбек Матраимов жооп бере элек. Ал эми анын агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов менен байланышуу аракетибизден майнап чыга элек.

Иликтөөнүн биринчи бөлүгү ушул жылдын май айында чыккан. «Азаттыктын» ал иликтөөсүндө 700 млн. доллардын тегерегиндеги каражат Айеркен Саймаити аркылуу бир нече жыл бою күмөндүү жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени тууралуу кеп болгон.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.