Акчага муктаж кыргыз жарандары бөйрөктөрүн Чымкенттеги ооруканага сатышкан

Окуялар тизмеги 22 Ноя 2019 10:02
0 ой-пикир

Казакстандын Ички иштер министрлиги Чымкент шаардык №1 клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Абылай Донбайдын кармалганын жарыялады.

Министрликтин билдиришинче, ал иштеген ооруканада акчага муктаж Өзбекстан, Кыргызстан жана Украина жарандарынын бөйрөгү башка бейтаптарга, негизинен Израилдин бай жарандарына мыйзамсыз түрдө салынып келген. Операциялар 2017-2018-жылдары жасалгандыгы айтылат.

ИИМ бул схеманын уюштуруучулары чет мамлекеттердин жарандары экенин билдирди. Донбай Абылай Кылмыш Кодексинин “Трансулуттук кылмыштуу топтун ишине катышуу”, “Кишинин органдарын мыйзамсыз алуу” беренелери боюнча айыпталууда.

Чымкент шаардык саламаттык сактоо департаментинин маалыматына караганда, калаада бөйрөк алмаштыруу боюнча операциялар 2013-жылдан бери жасала баштаган. Андан бери мындай операция 106 адамга жасалган.

19-ноябрда казак ИИМи Абылай Донбай“Трансулуттук кылмыштуу топтун ишине катышуу” жана “Кишинин органдарын мыйзамсыз алуу” беренелери боюнча шектелип жатканын билдирген. Тергөөнүн маалыматына караганда, 2017-2018-жылдары ал иштеген ооруканада акчага муктаж Өзбекстан, Кыргызстан жана Украина жарандарынын бөйрөгү башка бейтаптарга, негизинен Израиль жарандарына мыйзамсыз түрдө салынып келген.

Эске сала кетсек, октябрда өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги чет өлкөлүктөрдүн Казакстанда органдарды алмаштыруу боюнча операция жасатуусуна тыюу салууну сунуштаган мыйзам долбоорун парламенттин кароосуна алып чыккан.

Дүйнө өлкөлөрүндө, анын ичинде Казакстанда адамдын органдары менен ткандарын сатууга тыюу салынган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.