Эмилбек Каптагаев: «Президент чукул чараларды көрбөсө элдин бийликке болгон ишеними биротоло жоголушу мүмкүн»

Окуялар тизмеги 22 Ноя 2019 17:22
2 ой-пикир

Коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев коомчулукта талкуу жараткан «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген журналисттик иликтөө боюнча президент чукул чараларды көрбөсө элдин бийликке болгон ишеними биротоло жоголушу мүмкүн экенин айтты.

Ал «Азаттыкка» берген комментарийинде «депутаттык комиссия түзүлдү. Тергөө жүрүп жатат» деген жалпы жооткотуучу сөздөрдү коомчулук кабыл албай турганын билдирип, бажыдагы коррупциялык иштерге тиешелүү адамдар камалышы керек экенин кошумчалады.

— УКМКга, Башкы прокуратурага, ИИМге ишеним жок болуп жатат. Балким чукул арада мекеме аралык комиссия түзүп, ага тергөө, жоопко тартуу боюнча бардык ыйгарым укуктарды бериш керек. Эки-үч күндүн ичинде жоопкер болгон ондогон кишилерди камаш керек, — деди Каптагаев.

21-ноябрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөө жарыяланды.

Анда көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадыр аттуу уйгур үй-бүлөнүн карго компаниясы аркылуу товарларды туура эмес көрсөтүү жана башка системалар менен өлкөгө миллиондогон акча мыйзамсыз кирип-чыгып турганы тууралуу маалыматтар бар. Олчойгон ири суммадагы акча каражаттары адалданып турганы да айтылган.

2 ой-пикир “Эмилбек Каптагаев: «Президент чукул чараларды көрбөсө элдин бийликке болгон ишеними биротоло жоголушу мүмкүн»

  1. Законопослушный гражданин

    Нацбанкдан алган 40-50млн долларды койуп кой лысый анан бироого акыл уйрот жылтырабай ичкен жегенин бут арам болсун оомиийн

  2. Дүйшөн Султанкулов.

    Аргументтер өтө айкын, так . Бийлик башчысы үчүн калыс адамкерчиликтүү сунуш-каалоо.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.