Жээнбеков: Ислам жана Православие — биздин руханий мурасыбыз, баа жеткис дөөлөтүбүз

Окуялар тизмеги, Өлкө 21 Ноя 2019 13:03
0 ой-пикир

Ислам жана Православие — биздин руханий мурасыбыз, баа жеткис дөөлөтүбүз. Бул тууралуу Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-ноябрда, Бишкек шаарында өтүп жаткан «Ислам жана Православие — тынчтыктын диндери» эл аралык конференциясында билдирди.

Мамлекет башчысы Ислам менен Православиенин өз ара карым-катнашы конструктивдүү негизде өнүгүүсү камсыздаларын, жеке эле дин эмес, маданият, тил, кадаа-салт, илим, билим берүү жаатындагы терең кызматташуу — өлкөлөр ортосундагы ынтымактын негизги фактору болуп саналарын айтып, диндер аралык ынтымакты жана сабырдуулукту коомдо бекемдөө, радикалдашуунун жана экстремизмдин алдын алуу маселелерине токтолду.

«Коомубуздагы диндер аралык тынчтыкты, ынтымакты сактоо жана бекемдөө — ар кандай экстремисттик жана радикалдуу агымдарга каршы турууга шарт түзөт. Бүгүнкү конференция сыяктуу биргелешкен иш-чаралар чогуу иш алып барууга жол ачат», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Бүгүн, 21-ноябрда Бишкекте «Ислам жана православдык тынчык диндери» аталышындагы эл аралык конференция өтүп жатат. Ага Орусия менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн конфессия өкүлдөрү катышууда.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.