Жээнбеков: Бир дагы жеткинчек бала светтик илимден четте калбоосу керек

Окуялар тизмеги, Өлкө 21 Ноя 2019 12:01
0 ой-пикир

«Бир дагы жеткинчек бала светтик илимден четте калбоосу керек», — деп баса белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков.

«Биздин Конституциябыздын 45-беренесинде „негизги жалпы билим алуу милдеттүү“ деп так жана даана жазылып турат. Ошондуктан медреседе болобу, чиркөөдө болобу, диний билим берүү иш-аракети мамлекеттик негизги жалпы билим алууга кедерги болбошу керек» — дейт мамлекет башчысы.

Ошондой эле Кыргызстан Евразия мейкиндигиндеги бардык өлкөлөр менен дин тармагында кызматташуусу керек экенин айтты. Ал диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясынын мөөнөтү 2020-жылы аяктаарын белгилеп, жаңы концепсия иштеп чыгуу зарыл экенин белгиледи.

Бүгүн, 21-ноябрда Бишкекте «Ислам жана православдык тынчык диндери» аталышындагы эл аралык конференция өтүп жатат. Ага Орусия менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн конфессия өкүлдөрү катышууда.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.