Баланын көз жашынан көрө эсепсиз бай болуу артыкбы? Парламентте секелек кызды ыйлатышты

Окуялар тизмеги, Өлкө 21 Ноя 2019 14:01
0 ой-пикир

Кечээ, 20-ноябрь күнү Жогорку Кеңеш Дүйнөлүк балдар күнүнө жана Балдардын укуктары жөнүндө конвенциянын кабыл алынганынын 30 жылдыгына карата окуучулар менен жолугушкан.

Анын жүрүшүндө №87 мектептин окуучусу сөз сүйлөгөн. Кыз өзү окуган мектепте бир гана медайым бар экенин жана ал 2 700 баланы жалгыз тейлей турганын айткан.

«Ал балдардын билегине уколду бекер сайбай, акчага саят», — деп сөзүн баштаган кыз ойлогон оюнун аягына чыга албады.

Анткени, бул сөздөрдөн кийин айрым депутаттар күлүп жиберишти. Жыйынтыгында өзүн түйшөлткөн көйгөйдү көтөрүп чыккан окуучу ыйлап жиберип, сөзүн улантуудан  баш тартты.

Бул дүйнөнүн бүт жыргалы жаш баланын бир тамчы көз жашына татыбайт деген улуу сөздү, эл өкүлдөрү эстен чыгарган окшойт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.