Атамбаевге уулу жана жубайы менен жолугушууга уруксат бербей жатышат, — адвокат

Окуялар тизмеги, Өлкө 20 Ноя 2019 17:57
0 ой-пикир

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевге жакындары менен жолугушууга уруксат бербей жатышат. Бул тууралуу анын жактоочусу Замир Жоошев Facebook социалдык тармагындагы баракчасында жазды.

Анын айтымында, акыркы жолу мурунку президент уулу жана жубайы менен 17-октябрда жолуккан. Бирок, 18-ноябрда Биринчи Май райондук сотунун судьясы Эмилбек Каипов негизсиз эле мурунку президенттин үй-бүлөсүнүн жолугушууга уруксат берүүнү сураган арызын четке каккан.

— «Камакта кармоонун тартиби жана шарттары» Мыйзамына ылайык, судьянын жазуу түрүндөгү уруксатынын негизинде шектүүгө туугандары менен ай сайын (үч сааттан) экиден кем эмес жолугушуу берилиши керек. Эң башкысы- бүгүнкү күндө Алмазбек Атамбаевдин үй-бүлөсү менен жолугуусуна уруксат берүүдөн баш тартууга бир дагы негиз жок, — деп жазган Жоошев.

Эске салсак, 8-август күнү Кой-Таш айылында күч түзүмдөрүнүн атайын жүргүзгөн иш-чарасынын экинчи жолкусунда Атамбаев жана анын айрым тарапташтары кармалган. Андан бир күн мурун, 7-август күнү Атамбаевди кармоо иш-чарасы ишке ашпай, кагылышуудан эки тараптан жалпысынан кырктан ашуун адам жабыркаган.

Учурда мурдагы өлкө башчысы УКМКнын абагында кармалып турат.

Алмазбек Атамбаевге кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу, укук коргоо органдарына карата зомбулук көрсөтүү, адам өлтүрүү, барымтага алуу, массалык башаламандык уюштуруу, жемкорлук айыбы тагылууда.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.