ВИДЕО: Аксыда массалык мушташ

Окуялар тизмеги 20 Ноя 2019 13:10
0 ой-пикир

Жалал-Абад областынын Аксы районунун Жаны-Жол айылында 18- ноябрда окуучу кыздар арасында массалык мушташ болду. Бул тууралуу АКИpress маалымат агенттигине тургун билдирген.

Анын айтымында видеодо урушуп, мушташкан окуучулар 10-11-класстардын окуучулары.

«Мен эч качан кыздардын мындай урушканын байкаган эмесмин. Алар болочок энелер, эжелер болот, бир жерге барып келин болушат. Буга жол берген мектеп директору, райондун акими, эмнени карап отурушат?» — деп жазат ал.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.