Сооронбай Жээнбеков: Парламенттик шайлоону ачык-айкын өткөрөбүз

Окуялар тизмеги, Өлкө 19 Ноя 2019 11:16
0 ой-пикир

Бүгүн «Ала- Арча» мамлекеттик резиденциясында «Туруктуу өнүгүү үчүн реформаларды тездетүү» аттуу донордук конференция президенттин катышуусунда өтүүдө.

Сооронбай Жээнбеков конференцияда сүйлөп жатып “биз адам укугун коргоо жана саясий плюрализмди, сөз эркиндигин камсыз кылууга багытталган жолубуздан кайтпайбыз” деп билдирди.

Мамлекет башчы Кыргызстан шайлоо системасын өнүктүрүүнүн жаңы баскычына келгенин айтып, өлкөдө тынчтык болгондо гана донорлордун өлкөгө болгон ишеними артарын белгилеп, донорлорду колдоо көрсөтүүгө чакырды.

Белгилей кетсек, учурда Кыргызстанда шайлоо мыйзамдарына байланыштуу талкуулар жүрүп жатат. Жогорку Кеңештеги айрым фракциялар менен парламенттен тышкары бир топ партиялар шайлоодогу тогуз пайыздык босогону жети, беш же үч пайызга чейин түшүрүүнү сунуш кылууда.

Сооронбай Жээнбеков 2-ноябрда медиа өкүлдөрү менен жолукканда шайлоо босогосу тууралуу пикирин парламенттеги жана коомдо болуп жаткан талкуулардын соңунда айтарын билдирген.

Ошондой эле депутаттар Исхак Масалиев, Жанарбек Акаев жана Рыскелди Момбеков преференциалдык шайлоо ыкмасын киргизүү боюнча мыйзам долбоорун талкууга алып чыгышты. Документтин авторлору мыйзам кабыл алынса жарандар электрондук добуш берүү аркылуу шайлоого катышып жаткан партияны, анын ичинен талапкерди да тандашарын айтып жатышат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.