ФУТБОЛ: Кыргызстан менен Тажикстандын беттеши 1:1 эсебинде аяктады

Окуялар тизмеги, Өлкө 19 Ноя 2019 22:14
0 ой-пикир

Футбол боюнча Кыргызстандын курамасы Тажикстандын командасы менен оюн өткөрдү. Дөлөн Өмүрзакөв атындагы стадиондо өткөн беттеш 1:1 эсебинде жыйынтыкталды.

Беттештин 17-мүнөтүндө Тажикстандын оюнчусу Д. Эргашев гол киргизип, эсепти ачты. Ал эми, экинчи бөлүктүн 83-мүнөтүндө кыргызстандык оюнчу Т. Козубаев эсепти теңегенге жетишти.

Беттеш 2022-жылы боло турган футбол боюнча дүйнөбиринчилигинин тандоо турунун алкагындаөткөрүлүлдү.

Кыргызстан F тайпасында Япония, Монголия, Тажикстан жана Мьянманын командалары менен бирге жайгашкан.

Эскерте кетсек, улуттук курам буга чейин Тажикстанга1:0, Японияга 2:0 эсебинде утулуп, Мьянманы 7:0 эсебине, Монголияны 2:1 эсебинде утуп алган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.