ФУТБОЛ: Бишкекте көчөлөр жабылат

Окуялар тизмеги, Өлкө 19 Ноя 2019 08:08
0 ой-пикир

Бүгүн, 19-ноябрь күнү Кыргызстандын футбол курамасы менен Тажикстандын курамасынын оюнуна байланыштуу Бишкекте айрым көчөлөр убактылуу жабылат. Бул тууралуу Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Жол милициясынан белгилешкендей, Тоголок Молдо көчөсүнүн Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат.

Ошондой эле Фрунзе көчөсүнүн Исанов көчөсүнөн Панфиловго чейинки бөлүгүндө унаалар үчүн чектөө киргизилет.

«Көчөлөр саат 17:00дөн баштап оюн аяктаганга чейин жабык болот. Буга түшүнүү менен карап, бара турган жериңерге жолду алдын ала белгилеп алышыңыздарды суранабыз», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, бүгүнкү оюн 2020-жылы өтүүчү футбол боюнча дүйнө биринчилигине тандоо турунун алкагында өтөт.

Оюн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп, саат 20:00дө башталат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.