Депутаттар президентти туулган күнү менен кантип куттукташты?

Окуялар тизмеги, Өлкө 17 Ноя 2019 11:53
0 ой-пикир

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков 16-ноябрда 61 жашка толду.  Жогорку Кеңештин депутаттары өлкө башчысынын туулган күнүнүн алдында жергиликтүү басылмага маек беришип, Сооронбай Жээнбековду куттуктап, ак тилектерин каалап өтүштү. 

КСДП фракциясынан депутат Дастан Бекешев президентке «темирдей нерв» каалады.

«Биздин маморгандар менен иштөө үчүн чыдамкайлуулук керек», — деп белгиледи ал. 

Анын кесиптеши, КСДП фракциясынан дагы бир депутат Евгения Строкова Сооронбай Жээнбековго «сүйүүсү ченебеген жемиштерди алып келгидей» кылып өлкөбүздү сүйүүнү каалады. 

«Республика — Ата Журт» фракциясынан депутат Умбеталы Кыдыралиев өз кезегинде «Сооронбай Жээнбеков менен бир маалда жашап, иштегенине сыймыктанарын» белгиледи. 

Ал эми «Ата Мекен» фракциясынан депутат Бахадыр Сулейманов өлкө башчысына «Кыргызстандын тарыхына калгандай салым кошуусун» тиледи. 

Муну менен бирге «Республика — Ата Журттун» эл өкүлү Аида Исмаилова Сооронбай Жээнбековго «президенттик постто чыдамкайлуулук жана сабырдуулук» каалады. 

Булак: Vesti.kg

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.