Парламенттеги “илита” келерки чакырылышта кайра келбеши үчүн эмне кылуу керек?

Аналитика, Окуялар тизмеги, Статьялар 15 Ноя 2019 18:07
0 ой-пикир

Алмаз БАРАТОВ — атайын Elgezit.kg үчүн.

Депутаттар Исхак Масалиев жана Жанар Акаев добуш берүүдөгү идеалдуу системаны издеп, Индиядан, Бельгиядан, Венесуэладан, Бразилиядан үлгү алып, Кыргызстанга түз электрондук каттоо системасын киргизүүнү сунушташууда. Башкача айтканда, шайлоочулар өз тандоосун электрондук аппаратта белгилешет. Ал системага ылайык, шайлоочулар партиянын тизмесинен бир талапкерге гана добуш беришет.

Бишкекте “Депутатка добуш берүү – ар бир жарандын укугу” чакырыгы алдында өткөн тегерек столго саясатчылардан тартып жарандык сектор өкүлдөрүнө чейин катышышты. Анда электрондук добуш берүүчү жабдуу көрсөтүлдү. Муну көрүп төмөнкүдөй картина көзүмө тартылды: тээ алыскы Лейлек районунда жашаган чоң эне атайын картаны компьютерге улап, өзү каалаган партияны тандап, экрандан анын тизмесин чыгарып, жактырган талапкеринин фамилиясынын тушуна “электрондук белгини” коет.

Система жана идея абдан жакшы деңизчи, бирок бул система учурда канчалык деңгээлде актуалдуу? Кеп долбоорду каржылоодо деле эмес. Добуш берүүнүн мындай түрүн киргизүү үчүн донорлорду тартып, грант тапса, шайлоо комиссиялары жана калк үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзсө болот. Шайлоо босогосу, күрөөсү жана ачык тизме тууралуу маселелерди экинчи орунга жылдырып коюп, болгон күчтү ушул системага жумшоо канчалык деңгээлде туура болот деген суроо туулат.

Кыргызстандагы парламентаризм институтунун тарыхын карай турган болсок бүгүнкү парламент, анын курамы өтө начар экени айтылып келет. Бул жасалма добуштардын натыйжасында келип чыккан абал эмес. Маселе такыр башка жакта.

“Биз кайда баратабыз” деп нааразы болгон айрым гана интеллигент өкүлдөрүн эске албасак, карапайым калк учурда депутаттык кызматта турандарга эле добуш берери турган иш. Бул эң жөнөкөй түшүнүк. Биз жеке адамдарга өтпөстөн жалпы гана мисал келтирели, парламентте бир айым отурат деп коелу. Ал Жогорку Кеңеште иши менен өзгөчөлөнүп, кыйраткан деле жумуш жасаган жок дейли. Ал айым парламентте биринчи жолу отурган жок, мурдагы чакырылыштарда дагы шайланган жана келерки чакырылышка дагы келери бышык. Бул жолу кайсы партия менен барары деле маанилүү эмес. Ал кантип эл өкүлү болуп калганы тууралуу сырдын баары башкада – ал айым кайсы бир бизнес империянын жетекчиси жана анын туруктуу электораты – ишканаларынын кызматкерлери. Бул жакка туугандарын, кызматкерлеринин туугандарын кошуңуз. Мына ошентип ал жетиштүү добуш алат дагы, анын коомчулуктун пикири менен иши дагы болбойт. Шайлоо алдында партиялар дагы ич ара атаандашып, өз тизмесине “алтын балыктарды” кошконго аракет кылышат. Мындай мисалдар абдан көп.

Бул көрүнүш биздин эл ким болсо деле добуш бере бергенден улам чыккан эмес. Биздин эл алтын десек болот, бирок жашоосу жакшы эмес. Үй-бүлөсүн багууга шарт түзүп, жумуш менен камсыз кылып жаткан иш берүүчүнүн суранычын аткаруу аларга алда канча маанилүү. Аларга идеологиялык түшүнүктөр, партиялардын программалары, саясатчыларынын кооз сөздөрү анчейин деле маанилүү эмес.

Аймактарда “өздөрүнүкүнө” добуш беришет. Алардын ичинен кичи мекенине жардам көп бере тургандарга басым жасалат. Бул дагы жакшы жашоодон улам эмес.

Ушундай эсептешүү болуп турган коомдо пропорционалдык-мажоритардык система бизге ылайык болмок. Мындайча айтканда, шайлоочунун эки талапкерге добуш берүүгө укугу болмок. Бирин өзүнүн тууганына, иш берүүчүсүнө, жердешине ж.б. берсе, экинчисин идея үчүн бермек, башкача айтканда, партия үчүн, акылдуу бирок бай эмес саясатчылар үчүн. Бирок бул куру кыял. Себеби Ак үй мындай системаны колдобойт.

Ошондуктан шайлоого байланышкан абалды өзгөртүп, парламентке тажрыйбалуу, акылдуу, билимдүү адамдардын келиши үчүн талапкерлердин шайлоого аттануу шарттарын болушунча жөнөкөй кылуу кажет.

Ошондо гана партия жетекчилери “капчыгы калыңдардын” артынан куубай, шайлоодон утуп алуу үчүн 350 миң доллары жок болсо дагы тажрыйбалуу, интеллекти жогору, идеяга бай адамдарга басым жасашмак.

Ошондой эле партиялар жер-жерлерде ММКлар менен тыгыз иштешип, элди жергиликтүү базаркомдорго эмес, мисалы профессор үчүн, тажрыйбалуу адамдар үчүн добуш берүүгө үндөш керек. Бул жерде жарандык коом дагы активдүүлүгүн көрсөтүш керек. Алар шайлоо босогосунун жогорулашы жана шайлоо фондунун көбөйүшү партия ичиндеги коррупциянын куралы экени тууралуу коңгуроо кагуулары зарыл, ошондо гана өлкөдөгү абалдын өзгөрүүсүнө бир аз да болсо салым болмок.

Ал эми добуш берүүнүн электрондук системасы тууралуу кийин деле ойлонуп көрсөк болот. Ачык шайлоо тизмелерин киргизген соң.

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.