Алмазбек Атамбаевдин билдирүүсүн талдоо

Аналитика, Окуялар тизмеги, Статьялар 15 Ноя 2019 17:39
0 ой-пикир

2019-жылдын 13-ноябрында кыргыз тилдүү ММКлар Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин билдирүүсүн жарыялашты. Бул билдирүү 7-8-августтагы Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын ишинин аякташына жана жакынкы арада комиссиянын бүтүмүнүн Жогорку Кеңеште каралышына карата Атамбаевдин жана анын тарапташтарынын реакциясы болду окшойт.

Атамбаев эмнелерди айтты? Кыскача.

Менин үйүмө курал менен мыйзамсыз басып киришкен. Күч кызматкерлери “тынч жарандарга ок чыгарышты”. “Көп киши жаракат алды, бирөө каза болду”. Оор жоготууга учураган Үсөнбек Ниязбековдун (“Альфанын” командиринин орун басары — Elgezit.kg) үй-бүлөсүнө дагы бир жолу терең кайгыруу менен көңүл айтам. “Тынч жарандарга ок чыгаруу болуп” “экс-президенттин үйүнө мыйзамсыз басып киришкенден” кийин нааразычылыктар башталды. Кой-Ташта болуп өткөн окуяларга байланыштуу иштер боюнча СИЗОго камалгандардын баарын, эң башкысы, мыйзамдуу түрдө бошотуу керек. Алар УКМКнын атайын кызматкерлерин сакташкан. Сооронбай Жээнбековдун максаты экс-президент Алмазбек Атамбаевди жаманатты кылуу, моралдык жактан жок кылуу болуп эсептелет. . Мага канча абак мөөнөтүн беришпесин, бул бийликтин тушунда мен баарына даярмын. Мен президенттик кызматта абийирдүүлүк менен таза иштедим. Убакыт баарын өз ордуна коет.

Fact—check

Атамбаевдин билдирүүсүнөн: УКМКнын атайын бөлүгүнүн 2019-жылдын 7-августунда менин үйүмө курал менен мыйзамсыз басып кирип, ал жердеги Кыргыз Республикасынын экс-президенти менен салтка айланган жолугушууга чогулган тынч калкка ок атканынан бери үч ай өттү.

Elgezit.kg: Ой туура эмес туюндурулган, фактылар бурмаланган. Ок атуу деген сөз Ожеговдун, Ефремованын түшүндүрмө сөздүктөрүндө жана чакан академиялык сөздүктө өлүм жазасына тартуунун бир түрү, ок атуучу курал менен өлтүрүүнүн түрү экени жазылган.

7-8-августта Кой-Ташта “Альфанын” командиринин орун басары Үсөнбек Ниязбеков октон каза тапкан. Эч кандай “тынч жаткан жарандарга ок чыгаруу” болгон эмес.

Атамбаевдин билдирүүсүнөн: “Ак үй” мыйзамсыз буйрук берген адамдарды жоопкерчиликтен калкалап, тергөө органдары аркылуу «массалык башаламандыкты уюштургандарды» жазалоону көздөп, нааразычылык тынч адамдарга ок аткандан кийин, Кыргыз Республикасынын экс-президентинин үйүнө куралчан адамдар мыйзамсыз басып киргенден кийин гана башталганын атайын «унутуп жатат».

Elgezit.kg: манипуляция, маалыматты бурмалоо.

“Тынч адамдарга ок чыгаруу” болгон эмес. Иш жүзүндө болбогон окуя башка бир окуянын себепчиси боло албайт. Азырынча мамлекеттик комиссиянын чечими жарыялана элек, ошондуктан Атамбаев учурда “Ак үй” кимдир бирөөнү жоопкерчиликтен калкалап, айрымдарды жазалоону көздөп жатканын болжолдоп гана айтып жатат. Бул сөздөргө далилдер жок, бул манипуляция.

Атамбаевдин билдирүүсүнөн: Коркутуп-үркүтүп, ооздорун жабууга аргасыз кылуу максатында оппозициялык депутаттар Асел Кодуранова менен Ирина Карамушкинаны үй камагына алуу туурасында чечим болду.

Elgezit.kg: Калп.

Үй камагына алынгандан кийин деле Ирина Карамушкина парламенттин трибунасында сөз сүйлөп, социалдык тармактарда өз пикирин байма-бай жарыялап келет.

Facebook баракчасына 2019-жылдын 4-ноябрында жарыялаган пикири: https://www.facebook.com/irina.karamushkina.7/posts/552141468686094

2019-жылдын 3-ноябрында жарыялаган пикири: https://www.facebook.com/irina.karamushkina.7/posts/551751875391720

Жана башкалар.

Атамбаевдин билдирүүсүнөн: Эч кандай реалдуу негизи жок туруп, бир гана моралдык жана физикалык жактан кысым көрсөтүү максатында (фамилияларды санап — Elgezit.kg) Фархад Баабиев 1-СИЗОго камалышты.

Elgezit.kg: Калп.

Мурдагы президенттин тарапташтарын камоого негиз барбы же жокпу укук коргоо органдары аныкташат. Фархат Баабиев тууралуу сөз кыла турган болсок, 2019-жылдын 7-8-август күндөрү Кой-Ташта болгон окуядан соң социалдык тармактарда Фархат Баабиевдин Аман аттуу жаран менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү тараган. Анда Баабиев Аманды Кыргызстандын түштүк тарабында туулган жарандарга карата мыйзамга каршы келген аракеттерди кылууга чакырган. Тактап айтканда, Бишкекте жашаган түштүктүктөрдүн үйлөрүн, бизнес мекемелерин өрттөөгө чакырган. Кийинчерээк УКМК аудиожазуу жасалма эмес экенин аныктаган.

Атамбаевдин билдирүүсүнөн: Камалгандардын (Фарид Ниязов ж.б. тууралуу кеп болууда — Elgezit.kg) дарегине айтылып жаткан бул күнөөлөр ойго келбеген сандырактык жана бул адамдардын өзүлөрү шектелип жаткан нерсеге эч кандай тиешеси жок. Тескерисинче, УКМКнын атайын бөлүгүнүн жоокерлерин аман алып калган.

Elgezit.kg: Бурмаланган фактылар, манипуляция.

2019-жылдын 8-августунда болжол менен саат 11:00дө Алмазбек Атамбаев менен чогу жүргөн Фарид Ниязов журналисттерге “алардын талаптары аткарылбаганы үчүн спецназдар кое берилбей жатканын” айткан. https://kaktus.media/doc/395878_farid_niiazov:_vlasti_ne_vypolnili_trebovaniia_storonniki_ne_otpyskaut_specnazovcev.html

Юридикалык сөздүктө БАРЫМТАДАГЫ АДАМ – бул мамлекетти, уюмдарды же кайсы бир кишилерди бир талаптарды аткартуу (же талаптардан баш тарттыруу) максатында барымтага алынып жана (же) кармалып турган физикалык жак.

Башкача айтканда, спецназдар Атамбаевдин тарапташтары тарабынан барымтага алынган.

Атамбаевдин билдирүүсүнөн: 7-8-августтагы окуялардын шылтоосу менен камалгандардын баары бошотулууга тийиш. Алардын болгон күнөөсү – акыйкатка, мыйзамдарга, өлкө Конституциясына ишенгени.

Elgezit.kg: Жогоруда жазылган фактчекингди кароо жетиштүү.

Тыянак:

Мурдагы президент компромисске келүүсү керек болчу деп санаган Атамбаевдин тарапташтары жана алардын жакындары менен Атамбаевдин оросунда кыйынчылыктар жаралган сыяктуу. Атамбаев бул билдирүүсү аркылуу мыйзамсыздык, укуктук башаламандык ж.б. деп өз позициясын билдирүү маанилүү деп чечкендей. Ошондой эле тарапташтарын унутпаганын, эч кимди “сатпай” турганын жана алардан дагы ушундай эле мамиле күтүп жатканын билдиргиси келгендей. Тергөө менен кызматташууга барбай турганын, Кой-Таштагы окуяга байланыштуу эч кимди “сатпай” турганын билдирүүсү аркылуу ишара кылгандай.

Башкача айтканда, Атамбаевдин билдирүүсү бийликке, коомчулукка, укук коргоо органдарына, сот системасына эмес, тарапташтарына багытталгандай.

Elgezit.kg редакциясынын аналитикалык тобу

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.