Коомдук ишмер Жыпар Жекшеев КТРКнын Байкоочу Кеңешинин төрагалыгынан жана мүчөлүгүнөн кетти. Бул боюнча Informator.kg жазды.
Анда белгилүү болгондой, Байкоочу Кеңештин октябрь айындагы отурумунда төраганын ишмердигин кароо боюнча маселе каралып, бирок, бул сунуш ноябрь айындагы отурумда каралмак болгон.
Бирок, Жыпар Жекшеев 12-ноябрь күнү Байкоочу Кеңештин мүчөлөрүнө арыз жазып, төрагалыкты гана өткөрүп бербестен, мүчөлүктөн да кетип жатканын айтып, кесиптештерине ыраазычылык билдирген.
Байкоочу Кеңеш кийинки отурумда жаңы төрага шайлайбы же Жыпар Жекшеевдин ордуна Президент тараптан Жогорку Кеңешке сунушталып, шайланып келчү талапкерди күтөбү азырынча белгисиз…