ТИМ: Ишкер Саймаити өлтүрүлгөн жайдагы унаа кыргыз консулдугуна таандык

Окуялар тизмеги 13 Ноя 2019 09:16
0 ой-пикир

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Стамбулда Айэркен Саймаити өлтүрүлгөн жердеги «Рейндж Ровер» автоунаасынын номуру Кыргызстандын Түркия мамлекетинин Стамбул шаарындагы башкы консулдугуна таандык экенин маалымдады. Ал эми жолтандабас окуядан кийин жумуштан алынган башкы консул Эркин Сопоковдуку болгон.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, Сопоков автоунаасын сатыш үчүн «Рамадан туризм» автосалонуна берген. Сопоков кандуу окуя болгон жерде эмнеге анын машинеси турганын түшүндүрүп бере алган эмес. Тышкы иштер министрлиги ал кызматтык эрежени бузганы үчүн кызматтан алынганын белгилейт.

Ошондой эле министрлик тараткан маалыматта Сопоков буга чейин да эрежелерди бузганы жазылган. Ага ылайык, Сопоков айдоочусу Хавазов менен жол эрежесин бузуп, консул сөгүш алып, айдоочу кызматтан бошотулган. Прокуратура тарабынан Сопоков 2017-жылдын бирдиктүү декларация тапшырбаганы аныкталган.

Эске сала кетсек, быйыл май айынын соңунда «Азаттык» жарыялаган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөө коомчулукта чоң резонанс жараткан. Анда 700 миллион доллардын тегерегиндеги каражат Айэркен Саймаити аттуу кытайлык жаран аркылуу бир нече жыл бою күмөн жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени айтылган.

10-ноябрь күнү Саймаитини белгисиз адам атып кеткен. Окуя Стамбул шаарынын Фатих аймагындагы мейманканалардын биринде болгон.

Ал эми ишкер Айэркен Саймаити киши колдуу болгон жерден табылган унаа КРнын Башкы консулдуктун унаасы болгондугу такталып жаткандыгы маалымдалган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.