Россияда дайынсыз жоголуп кеткен кыргыз жаранын сөөгү табылды

Окуялар тизмеги 13 Ноя 2019 11:25
0 ой-пикир

2019-жылдын октябрь айында Кыргызстандын Россиядагы элчилигине жана  ИИМдин РФдеги өкүлүнө 44 жаштагы Ж.М. аттуу жаран дайынсыз жоголгон уулун табышуу өтүнүчү менен кайрылган. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалым болгондой, арыздануучунун 18 жаштагы уулу Ж.Д. ушул жылдын август айында иш издеп Россияга кеткен. Сентябрдын аяк ченинде Тверь облусунун Иваньков суу сактагыч аралдарынын биринде жайгашкан эс алуу базасында кароолчу болуп иштеп баштаганын кабарлаган. Октябрь айынын башынан тартып, дайынсыз кеткен.

Бул факты боюнча иликтөө иштери башталып, аялдын арызы Тверь облусунун жергиликтүү полиция бөлүмүндө катталганы маалым болгон.

Бул арада Иваньков суу сактагыч аралдарынын биринде өрт чыгып, окуя болгон жерде белгисиз адамдын сөөгүнүн күйүп калган калдыктары табылганы, материал Россиянын Тергөө Комитетинин аймактык тергөө бөлүмүндө өндүрүштө экендиги маалым болгон. Ыкчам-иликтөөнүн жүрүшүндө Ж.Д. менен байланышта болгондор суралып, аны өрт чыккан жердеги иш ордунда көрүшкөнүн жана кайтып келбегенин билдиришкен.

Сөөктүн калдыктары кимге таандык экендигин аныктоо үчүн молекулярдык-генетикалык экспертиза дайындалып, уулун издеп жүргөн аялдан да үлгүлөр алынган. Экспертизанын жыйынтыгы күйүп калган сөөк аялдын баласына таандык экенин тастыктады. Учурда денени мекенине жөнөтүү маселеси чечилип жатат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.