Парламентте криминалдык кырдаалдын курчушу жөнүндө маалымат угулду

Окуялар тизмеги, Өлкө 13 Ноя 2019 15:16
0 ой-пикир

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар депутаттардын демилгеси боюнча Өкмөттүн өлкөдөгү криминалдык кырдаалдын курчушу, анын ичинде Стамбулда ишкер Айэркен Саймаитинин өлтүрүлүшүнүн жана ал кылмышка катышы бар үч адамдын кармалышынын жагдайы жөнүндө маалыматы угулду.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тилекке каршы акыркы мезгилде өлкө аймагында бир катар оор кылмыштар катталганын моюнга алып, бирок жалпы абал туруктуу экенин белгиледи.

Ал эми ички иштер министри Кашкар Жунушалиев быйыл өткөн жылга салыштырмалуу кылмыш көбөйгөнүн, алардын баары укук коргоо органдарынын көзөмөлүндө экенин белгиледи.

«Бизнесмен Айэркен Саймаитиге 2017-жылы өз өнөктөшүн 3,1 млн долларга алдап кеткенине байланыштуу Интерпол аркылуу эл аралык издөө жарыяланган. Ал 2019-жылдын 10-ноябрында Стамбул шаарында эки адам тарабынан атып өлтүрүлгөн. Ыкчам издөө жыйынтыгында үч адам колго түштү. Азыр түрк полициясы ал факты боюнча тергөө амалдарын жүргүзүүдө», — деди ал.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.