Кыргызстандык волейболчулар Россиядагы мелдеште коло медаль тагынышты

Окуялар тизмеги 12 Ноя 2019 12:34
0 ой-пикир

Волейбол боюнча Кыргызстандын курамасы Россиядагы Анатолия Таранцанын элесине арналган ардагерлер арасындагы мелдеште үчүнчү орунга татыды. Бул тууралуу Кыргызстандын Волейбол боюнча федерациясынан билдиришти.

Мелдеш 3-8-ноябрда Россиянын Петропавловск шаарында өттү. Алтын медаль үчүн 4 команда күч сынашкан.

Кыргызстандык волейболчулар Хабаровск шаарынын курамасын 2:0 эсебинде жеңип чыгышты. Камчатканын командасына 2:0 эсебинде утулуп калышкан. Акыркы оюнда Ыраакы чыгыш федералдык аймактын спортчуларына 2:1 эсебинде жеңилишкен.

Жыйынтыгында Кыргызстандын волейболчулары коло медалга татыды.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.