11-ноябрда Ноокен айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы өтүп, анда 2019-жылдын 8-августундагы Ноокен айыл аймагынын Курулуш айылындагы Курулуш 3 участкасына Курманбек Бакиевдин ысымын ыйгаруу жөнүндө № 4 токтом жокко чыгарылды. Бул тууралуу аталган жергиликтүү кеңеш кабарлады.
Сессияга 21 депутаттын 17си катышты. Аларга Курманбек Бакиевдин ысымы негизсиз ыйгарылганы тууралуу айрым жергиликтүү тургундар кайрылган.
9-ноябрда Ноокен районунун Рахманжан айылынын көчөлөрүнүн бирине мурдагы президент Курманбек Бакиевдин аты коюлганы белгилүү болгон.
Курманбек Бакиев Кыргызстанды 2005-2010-жылдары башкарган. 2010-жылдын апрелинде элдик толкундоолордон кийин өлкөдөн качып кеткен бойдон үй-бүлөсү жана бир туугандары менен Беларустун борбору Минск шаарында жашайт.
Буга чейин ИИМдин мурдагы башчысы Молдомуса Конгантиевдин наамы көчөгө коюлган.