Бүгүн, 11-ноябрда Инвестициялык бизнес-долбоорлорду, инфраструктуралык долбоорлорду жана өнүктүрүү программаларын тандоо боюнча сынак комиссиясынын кезектеги жыйыны өттү . Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалымат менен камсыздоо бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, сынак комиссиясы республикалык бюджеттен 2 млрд сомдун алкагында жалпы суммасы 155 млн 459 миң сомго 19 долбоорду жактырды.
Сынак комиссиясынын кароосуна Баткен, Талас, Ош, Чүй жана Жалал-Абад облустарынан жалпы суммасы 600,0 млн сомдон ашуун 39 бизнес-долбоор сунушталган.
Жалпысынан тандоо боюнча сынак комиссиясы тарабынан 538,3 млн сомго 30 долбоор жактырылган. Долбоорлор үзүрлүү ишке ашырылса, аймактарда 1 451 жаңы жумуш орду түзүлөт.
Белгилей кетсек, долбоорлорду кеңири камтуу максатында аймактык сынак комиссиялары түзүлгөн. Бүгүнкү күнү жер-жерлерде Сынак комиссиясынын кийинки жыйынына долбоорлорду тандоо уланууда.