Бишкек мэриясы: Анкара жана 7-апрель көчө кесилишинде айланма жол болбойт

Окуялар тизмеги, Өлкө 11 Ноя 2019 10:21
0 ой-пикир

Бишкек мэриясы айланма жол ачуу максатында айдоочуларга ыңгайсыздык жаратканы үчүн шаардыктардан кечирим сурайт. Бул долбоордон убактылуу баш тартканын расмий билдиришти.

«Анкара жана 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишинде айланма жол болбой калды. Жолду кеңейтүүнү пландап жатабыз. Ошондон кийин айланма жол долбооруна кайра кайрылабыз» деп айтылат муниципалитеттин расмий билдирүүсүндө.

Белгилей кетсек, 8- ноябрда Анкара жана 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишинде айланма жол системасын киргизиш үчүн мэрия эксперимент жүргүзгөн. Бирок бул идея ишке ашпай, автотыгынды күчөтүп, элдин нааразычылыгын жараткан.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.