Абылгазиев: Жол куруп жаткан италиялык компанияда Италиянын жыты да жок

Окуялар тизмеги, Өлкө 11 Ноя 2019 16:11
0 ой-пикир

Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөдөгү жол салуудагы коррупцияны атады. Бул туурасында премьер-министр Жогорку Кеңеште Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Өлкө башчынын айтуусунда, Кыргызстанда жол салууда чет өлкөлүк компаниялар тендерди утуп, бирок кийин жергиликтүү компанияларга тапшырып койот. Мындай көрүнүш коррупцияга айланган.

— Биз азыр Жалал-Абад — Маданият жолун карап жатабыз. Тендерди чет өлкөлүк компания уткан, ичинде жергиликтүү компания жүрөт. Кадамжайдагы жолдо да ушундай. Териштирип жатабыз. Президент өзү баш болуп, органдарга тапшырма берди. Чет жактан келип, тиешелүү кагаздын баарын бүткөрүп, жергиликтүү компанияларга таштап койгон схема бар экен. Түндүк-түштүк альтернативдүү жолунда да ошондой экен. Италиянын компаниясы дейт, бирок ал жерде Италиянын жыты да жок, — деди Абылгазиев.

Талкуунун жүрүшүндө бул маселе боюнча парламентке тиешелүү мыйзамдарга өзгөрүү киргизүү жөнүндө сунуш да айтылды.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.