Абылгазиев: Балыкчы-Корумду жолунун курулушу 2020-жылы бүтөт

Окуялар тизмеги, Өлкө 11 Ноя 2019 12:05
0 ой-пикир

Төрт жылдан бери уланып келе жаткан Балыкчы — Корумду — Чолпон-Ата жолунун курулушу 2020-жылы аяктайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитеттеринин жалпы жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Өкмөт башчынын айтымында, жолду бүткөрүүгө каражаттар каралып, курулушту толугу менен бүткөрүү пландалууда.

Белгилей кетсек, Балыкчы — Корумду — Чолпон-Ата жолунун жалпы узундугу 104 чакырымды түзөт. Бул жолду оңдоо 2015-жылы башталган. Ал өлкө өз бюджетинен каржылап жаткан алгачкы ири долбоордун бири. Аны кытайлык «Лоң Хай» компаниясы куруп жатат.

Ошол эле учурда, жолдун курулушу бир топ чыр-чатактар менен коштолгон. Маселени парламентте түзүлгөн депутаттык комиссия да иликтеп, ири жолдун курулушун башынан каражат таппай туруп баштоо туура эмес деген бүтүм чыккан. Бул мурдагы премьер-министр Темир Сариевдин отставкасына алып келген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.