Премьер турак жай каржылоо тутумун жакшыртуу жөнүндө протоколго кол коюу менен мыйзам бузган жок, — Өкмөт

Окуялар тизмеги, Өлкө 09 Ноя 2019 13:22
0 ой-пикир

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасында турак жай каржылоо тутумун жакшыртуу жөнүндө протоколго кол коюу менен мыйзам бузган жок, — деп билдирет өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

«Мамлекеттик ипотекалык компания» ачык акционердик коомунун ишмердүүлүгүндөгү бузуулар тууралуу бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган маалыматка тийиштүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү төмөнкүлөрдү билдирет.

Маалыматтарда «Мамлекеттик ипотекалык компания» ачык акционердик коомунун ишмердүүлүгүнүн ар түрдүү аспектилеринен тышкары буга чейин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кеңешменин протоколуна кол коюу менен Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамын бузганы көрсөтүлөт.

2019-жылдын 18-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Премьер-министриндеги «Кыргыз Республикасында турак жай каржылоо тутумун жакшыртуу жөнүндө» кеңешменин протоколу жөнүндө сөз болуп жатат, ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын катуу сактоо менен даярдалган.

Документте жазылган протоколдук тапшырмаларды чарбалык субъекттердин ишмердүүлүгүнө мамлекеттин кийлигишүүсү катары түшүндүрүүгө болбойт, анткени алар сунуштоо мүнөзүнө ээ, буга «макулдашуу боюнча» жазуусу күбө. Ошентип, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри бул протоколго кол коюу менен мыйзам бузган жок.

«Мамлекеттик ипотекалык компания» ачык акционердик коомунун ишмердүүлүгүндө орун алат делген бузууларга тийиштүү белгилеп кетсек, компания жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө ачык, анын өкүлдөрү бардык кызыктырган суроолорго жооп берүүгө даяр.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.