Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын ремонт иштери аягына чыкты.
Бишкекте Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда концерт болуп жатат.
«Жаңылануу эргүү берет өнөргө» деген аталыштагы концерт Опера жана балет театрын оңдоп-түзөөнүн бүтүшү жана 77-театралдык сезондун ачылышына байланыштуу өтүүдө.
Аталган театрдын жетекчиси Керим Турапов маданият үйүн оңдоого 47 миллион сом жумшалганын айтты.
Турапов буга чейин Опера жана балет театрындагы артисттердин бөлмөлөрү, сахнаны жарыктандыруу, көшөгөнү өйдө-ылдый жылдырган тетиктер, лифт жаңыртылганын, көп жылдан бери иштебей калган ички байланыш, өрт коопсуздугу боюнча кабар берген система оңдолгонун билдирген.